• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

А.Атамбаев: “Туруктуу өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу мамлекеттүүлүктүн кубаттуу пайдубалын жаңыдан курууга жол ачты”

Коом 0

Бишкек, 3-апрель /Салтанат Абдраева-кабар/. Туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын ишке ашыруу катаал мезгилден кийин кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн кубаттуу пайдубалын жаңыдан түптөөгө жол ачты. Бул тууралуу бүгүн КРны туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын 5-жыйынынын жүрүшүндө Президент Алмазбек Атамбаев билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү жыйын өтө маанилүү. “Өз кезегинде туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук стратегия жаңы түзүлгөн учурда көпчүлүк саясатчылар каршы болушкан. Анын үстүнө алар бир добуштан мунун кереги жок чыгышкан. Бул өлкө авторитардык башкаруудан азап чегип, экинчи революцияны баштан кечиргенден кийинки убакытка туура келет. Ошондо биз үчүн коомго, мамлекетке туруктуулукту кайтаруу, КР жарандарынын жана адамдардын ишеним кайтаруу өтө маанилүү болгон. Эң башкысы калктын биз саясий жана мамлекеттик институттар менен функционалдаштырылган, коррупциясыз, соттук зомбулуксуз, шайлоолор таза өлкөрүлгөн өлкөдө жашай ала турганыбызга болгон ишеничин калыбына келтирүү болгон”,-деди А.Атамбаев.

Мамлекет башчысы белгилегендей, маңызы боюнча бул кыргыз мамлекеттүүлүгүн, элдин жакшы жашоого, өз элине жана келечегине карата үмүтүн калыбына келтирүү болчу.

“Аталган стратегияны ишке ашыруу, акыркы жылдардагы бардык иш-аракеттерибиз катаал мезилден кийин кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн кубаттуу пайдубалын кайрадан түптөөгө жол ачты. Бул менин президенттик кызматымдагы башкы милдетим болгон деп эсептейм. Эми өлкөнүн кийинки президенти көз карандысыз, күчтүү, гүлдөгөн Кыргызстанды жайбаракат кура алат”,-деди Президент.

Пикир

Оставить комментарий