• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

А.Атамбаев өзгөчө кырдаалдар министрин кабыл алды

Президент 0

Бишкек, 8-июнь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 8-июнда өлкөбүздүн өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновду кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысы суу ташкындарынан, селден, жер титирөөнүн жана жер көчкүлөрдүн кесепетинен калктуу пункттарды жана жашоону камсыз кылуучу обьектилерди коргоо жана жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин жоюу боюнча атайын иш чаралардын аткарылышы тууралуу маалыматты укту.

Кубатбек Боронов ошондой эле, республика боюнча жүргөн селдердин, тактап айтканда, Жалал-Абад облусунун Аксы районунда селдин кесепеттерин жоюу боюнча жасалып жаткан жумуштар тууралуу маалымдап, калкка жардам көрсөтүү боюнча иштерге токтолду.

Президент Алмазбек Атамбаев министрликке өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу иштерин жакшыртуу жана жаратылыш кырсыктары катталып жаткан жерлерде адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн өз учурунда чара көрүүгө тиешелүү бир катар конкреттүү тапшырмаларды берди.

Пикир

Оставить комментарий