• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

А.Атамбаев: “Жыл аягына чейин КРнын ЕАЭБге толук кирүүсүндөгү майда тоскоолдуктар алынат”

Саясат 0

Бишкек, 28-февраль /Кабар/. Жыл аягына чейин Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине толук кандуу кошулуусунун жолундагы майда-барат тоскоолдуктар алынат. Бул тууралуу Президент Амазбек Атамбаев Россия Президенти Владимир Путин менен кеңири форматтагы жолугушуусунда билдирди.

“Мен эки тараптуу кызматташтыкты талкуулоого дагы бир жолу мүмкүнчүлүк болуп жатканына абдан кубанычтамын. Жолугушуубуз эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелердин орношунун 25 жылдыгынын алдында өтүп жатканы символикалуу, бул датаны биз 20-мартта белгилейбиз. Мен биздин өлкөлөр мындан ары стратегиялык биримдиктүү жана өнөктөш өлкөлөрдөн болорунан шегим жок, мындай мамиле тарыхы бир боордош өлкөлөрдүн ортосунда болушу керек”,-деди А.Атамбаев.

Ошондой эле, Президент Кыргызстандын ЕАЭБге кирүүсүнө байланыштуу мамилелерибиз ишеним жана кызматташтыктын жогорку деңгээлине көтөрүлүүдө деп белгиледи. “Мен россия тарапка жана Владимир Владимировичке оор өлкөөл убакта – өлкөнү биримдиктин талаптарына ыңгайлаштыруу убагында көрсөтүп жаткан колдоосу жана жардамы үчүн ыраазычылык билдиргим келет. Россия Президентинин саясий эрки менен 500 млн доллар капиталы бар Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду ачылганын ачык айта алам. Мындан тышкары, Кыргызстандын ЕАЭБдеги интеграция маселесин чечүүгө техникалык жардам катары дагы 200 млн доллар бөлүү тууралуу чечим кабыл алынган. Биз бардык ушак-айыңдарга карабай ЕАЭБге кирүү менен туура чечим кабыл алганыбызга ишенем. Бул эң эле туура жол. Боордош элдин жардамы менен жыл аягына чейин ЕАЭБге толук кошулуу боюнча бардык маселелер чечилип, айрым майда-барат тоскоолдуктар алынат деп ойлойм”,-деди мамлекет башчысы.

Ошондой эле, Президент бүгүнкү жолугушуу мындан аркы кызматташтыкты талкуулоого мүмкүндүк берет деп белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий