• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

А.Атамбаев туристтердин толук кандуу жана коопсуз эс алуусун камсыз кылууну тапшырды

Президент 0

Бишкек, 25-апрель /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 25-апрелде Чолпон-Ата шаарында Мамлекеттик резиденцияда өлкөнүн транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов менен Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаевди кабыл алды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Транспорт жана жолдор министри Мамлекет башчысы автотрассаны жаңылоо иштерин көрүү учурунда айткан пикирлерин эске алуу менен облустун транспорттук инфраструктурасын өнүктүрүүнүн негизги багыттары тууралу Президентке айтып берди.

Президент Алмазбек Атамбаев облус жетекчилиги мамлекеттик органдар менен тыгыз байланышта жарандардын жана коноктордун коопсуз эс алуусун ар тараптан камсыз үчүн алдыдагы туристтик сезонго даярдыктын маанилүү милдеттерин аткаруу боюнча зарыл чараларды көрүүгө тийиш экенин белгиледи.

Мамлекет башчысынын сөзү боюнча, даярдалып жаткан иш чаралар менен белгиленген долбоорлорду сапаттуу ишке ашыруу аркылуу туристтик агымды арттырып жана облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсүн чечүүгө шарт түзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий