• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

А.Эсентурова: Ренат Самудиновдун билдирүүсү КСДПдагы демократияны чагылдырат

Коом 0

Бишкек, 16-июль /Кабар/. Ренат Самудиновдун билдирүүсү КСДПдагы демократияны чагылдырат. Бул тууралуу укук таануучу Айнура Эсентурова билдирген.

“КСДПнын съездинин алдында бул партиянын мүчөсү Ренат Самудиновдун билдирүүсү коомчулуктун көңүлүн бурдурду. Ал саясий кеңештин айрым аракеттерин сындап, бир катар демилгелери менен чыккан. Негизинен, Самудинов партиянын курулушу маселелери боюнча ар кандай ички партиялык талкууларды, партиядагы жагдайды баалоо жана аны өнүктүрүү боюнча пикирлерди коомчулукка алып чыкты. Мамлекетте белгилүү бир салмакка умтулуп жаткан жана өлкөнү өнүктүрүү боюнча өз багыты бар кадимки саясий партия үчүн бул кадыресе көрүнүш”, - деп ишенет Айнура Эсентурова.

Укук таануучу ички партиялык талкуулар болушу керектигин, алар курч, жада калса, кандайдыр бир карама-каршылыктуу мүнөзгө ээ болушу мүмкүн экенин, бирок дебаттар тышка чыгып, коомчулукта талкуу уланып жатканын белгиледи.

“Мындай кырдаалдар башка мамлекеттерде, демократиясы өнүккөн өлкөлөрдө кадыресе көрүнүш катары саналат. Коом муну идеялардын, көз караштардын каршылыгы жүргөн партиялардагы табигый процесс катары кабылдайт. Бирок Кыргызстанда Самудиновдун билдирүүлөрүу башкача кабыл алынды. Коомдо негедир КСДПнын ажырымы, бул партиянын катарындагы тирешүүлөр тууралуу айта башташты. Биздин өлкөдө партиялардын баары жол башчылык түрдө түзүлгөндүктөн, бардык башкача пикирлер катуу айыпталат, жада калса, алар тышка чыкпаган учурда дагы. Эгерде талаштар дубалдан тышкары чыга турган болсо, аны чыгарган адам чыккынчы катары дароо партиянын катарынан чыгарылат”, - деп түшүндүрөт кырдаалды А.Эсентурова.

Мисал катары эксперт партиясынын мүчөлөрүнүн бири анын пикирине, жада калса партиялык эмес көз карашына каршы чыкса, өзүнүн авторитаризмин бир нече ирет көрсөткөн Өмүрбек Текебаевди келтирди.

“Кызык болгону менен, бийликтин оппоненттери тиранияга жөндөмдүү катары көрсөтүп жатышкан партия Самудиновдун башкача ойлоруна чыдамкайлык көрсөтүүдө”, - деп баса белгилейт укук коргоочу.

Кечээ жакында партияда ал КСДПнын жаштар канатынын лидери боло албастыгын белгилеп, Самудиновду тууралашты.

"Биздин партияда Ренат Самудинов сыяктуу эки миңден ашуун жаш активисттер бар. Алардын ар бири партиянын өлкөдөгү баштапкы жана аймактык партиялык уюмдарында иштешет. Учурда партиянын ичинде жаштар канаты сыяктуу бөлүктү түзүү чечими расмий түрдө кабыл алынган эмес. Ошол эле учурда Саясий кеңеш тарабынан жаштарды партиялык иштерге активдүү тартуу жана алардын өкүлдөрүн КСДПнын башкаруучу органдарына аралаштыруу маселелери иштелип жатат. Балким, Р.Самудиновдун аракеттери жана билдирүүлөрү башка жаш активисттердин алдында ачылып жаткан келечектүү мүмкүнчүлүктөр менен байланыштуу болушу ыктымал”, - деп айтылат социал-демократтардын штабынын билдирүүсүндө.

“Билдирүүнүн бул фрагментинен улам, КСДП партиянын амбициялуу жана активдүү жаш мүчөлөрүнө ыктап жатканы, Самудиновдун демилгелерин, анын сын эскертүүлөрүн айыптоо максаты жогун байкоого болот. Партия акыры тирүү, өз көз карашы, позициясы бар адамдардан түзүлгөн жана бардык эле саясий күчтөр, өз кызыкчылыктарын илгерлетүүгө, максаттарына жетүүдө уюмдун мүчөлөрүнүн идеялык потенциалын колдонууга умтулушат, - деп эсептейт А.Эсентурова. – Болбосо, солгундап, начарлайт. Партия акыры жүрүп шайлоодо гана колдонгон бутафорияга же брендге айланат. Анда саясий партиянын койгон максаттарынан өтө алыс болгон адамдарга өз желегинин алдында жүрүү укугун берет. “Ата Мекен” жана “Ар-Намыс” партияларынын тажрыйбасы буга айкын мисал”.

Булагы: K-News

Пикир

Оставить комментарий