• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

А.Кадырбаев Good Neighbors International Эл аралык уюмунун өкүлдөрү менен жолукту

Аймак 0

Бишкек, 16.05.18. /Кабар/. Кечээ, 15-май күнү Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Good Neighbors International Эл аралык бейөкмөт уюмунун Кыргызстандагы филиалынын директору Вон Ил Хйонг мырза менен жолукту. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптын кызматташуусу талкууланды.

-“ Жыл башында сиздердин уюм Ош шаарында үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан жабыркаган жана турмуштук оор кырдаалга туш болгон балдарды коргоо максатын көздөгөн көп функционалдуу борборду ачуу демилгеси менен мэрияга кайрылгансыздар. Бул сунушту Ош шаарынын мэриясы колдоп, №42 “Керме-Тоо” мектеп-гимназиясынын имаратынан атайын бөлмөлөрдү бөлүп бергенбиз. Жакынкы арада оңдоп түзөө иштери башталат.

Ал эми, борбордун Жобосу жана Келишимдин долбоорлору иштелип чыгып, юристтер тарабынан каралууда. Шаардык мэрия сиздердин кайрымдуулук тармагында аткарып жаткан иш-аракеттериңиздерди жогору баалап, дайым колдоого даяр”,-деди А.Кадырбаев.

Өз кезегинде Вон Ил Хйонг мырза Кайрымдуулук жана Гуманитардык уюмдун балдарды коргоого багытталган программасы Ош шаарында ишке ашып жатканына кубанычта экендигин билдирди.

Айта кетсек, Good Neighbors International Эл аралык бейөкмөт уюму 1991-жылы Корея Республикасында негизделген. Башкы кеңсеси Женева шаарында жайгашып, 35 мамлекетте ишмердигин жүргүзүп келет.

Пикир

Оставить комментарий