• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

А.Кадырбаев: Ош шаардык балдар жугуштуу стационарынын негизги корпустары капиталдык ремонттон өтөт

Аймак 0

Бишкек, 02.02.18. /Кабар/. Кечээ, 1-февралда Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев тиешелүү жетекчилер менен биргеликте Ош шаардык клиникалык ооруканасынын балдар жугуштуу оорулар стационарындагы негизги көйгөйлөрү менен таанышты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

“Ош шаардык клиникалык ооруканасынын балдар жугуштуу оорулар стационары 1959-жылы курулган. Аталган ооруканада курч вирустук инфекция (ОРВИ) жана ич өткөк ооруларынын эпид.сезонго байланыштуу көбөйгөн мезгилинде керебет орундар жетишпей калат. Андыктан келечекте ушул эле жерде заманбап, калыптык типтеги, жугуштуу ооруларга ылайыкташтырылган оорукана куруу муктаждыгы бар. Быйыл бул оорукананын 1 же 2 корпусун капиталдык оңдоп түзөөдөн өткөрүүгө аракет кылып жатабыз. Негизи эле, шаардагы ооруканалардын 90%ы Советтер Союзу убагында курулгандыгына байланыштуу, имараттары эскирип, оңдоп түзөөгө муктаж. Шаардык мэрия жыл сайын ооруканалардын материалдык техникалык базасын чыңдоо үчүн акча каражатын бөлүп берет. 2017-жылы бул багытка 17 млн сомго жакын каражат жумшалган.

Учурда шаарыбызда Кытай Эл Республикасынын гранттык каржылоосунун негизинде 150 орундуу оорукана комплекси курулуп жатат. Курулуш иштери ушул жылдын үчүнчү кварталында бүтсө, пайдаланууга беребиз. Комплекстин жалпы аянты 25 миң чарчы, ал эми курулуштун аянты 12 жарым миң чарчы метрди түзөт. Негизинен имаратка амбулаториялык, стационардык, илимий-изилдөө кеңсеси жана көмөкчү бөлмө кирет. Оорукана 150 бейтапка ылайыкташтырылып, күнүнө 200 бейтапты кабыл алууга мүмкүнчүлүк болот. Муну менен шаарыбызда бейтаптарды тейлөө багытында бир нече маселелер чечилет”,-деди А.Кадырбаев.

Шаар мэри тиешелүү жетекчилерге стационардын бөлүмдөрүн оңдоп түзөө үчүн кеткен каражатты эсептеп, тактап сунуш берүүнү , оорукананын короосуна курулган дарыканалардын мыйзамдуулугун иликтөөнү тапшырды.

“ Балдар жугуштуу оорулар стационары 180 орунга ылайыкташтырылган. 2017- жылы ооруканага жалпысынан 22 миңге жакын оорулуу кайрылган. Анын ичинен 10миңге жакын бейтапка амбулатордук негизде жардам көрсөтүлүп, үй шартында дарыланууга жөнөтүлгөн. Түшкөн оорулуулардын көбөйүшүнүн бирден бир себеби болуп, ичеги карын ооруларынын жай мезгилинде көбөйүшү жана ОРВИ менен грипптин эпид.сезонго байланыштуу көбөйүүсү болуп эсептелет. Бейтаптардын жалпы санынын 32,6 пайызын райондордон келгендер түзөт”,-деди стационардын башкы дарыгери Кайрат Абжалов

Пикир

Оставить комментарий