• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

А.Кадырбаев: Ош шаарында товар жүргүзүүнүн көлөмү 2017-жылы 270 млн долларга жеткен

Аймак 0

Бишкек, 09.02.18. /Кабар/. Бүгүн, 9-февралда Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Өзбекстан Республикасынын Тышкы соода министри Жамшид Ходжаев баш болгон делегацияны кабыл алды,-деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.

Ага КРнын экономика министри Артем Новиков, Ош шаарынын вице-мэрлери катышты. Жолугушуунун жүрүшүндө эки мамлекеттин ортосундагы карым катнашты бекемдөө, анын ичинде экинчи борбор калаа менен соода-экономикалык кызматташтыкты жогорулатуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү.

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев товар жүгүртүүнүн көлөмү өткөн жылы 2015- жылга салыштырмалуу 13 эсеге өскөндүгүн белгилеп өттү.

“Өткөн жылы чек аралар ачылып, соода-экономикалык кызатташтыкка жол ачылгандан бери ишкерлердин байланышы арта баштады. Статистикага таянсак 2015-жылы товар жүгүртүүнүн көлөмү 21 млн. долларын түзгөн болсо, 2016-жылы бул көрсөткүч 150 млн., ал эми өткөн жылы 270 млн долларга жеткен. Ошондой эле, өткөн жылы Андижан шаарында бизнес-форум өткөрүлүп, ишкерлердин кызматташтыгына жол ачылды. Бүгүнкү күндө “Равон-Моторс-Ош” автосалону, “Акфа-пласт”, “Измо”, “Артель”, сыяктуу биргелешкен ишкангалар иштеп жатат. Биз Өзбекстандык ишкерлердин Ош шаарына келип, ишкердигин жүргүзүүгө, шаардын экономикасына инвестиция салуусуна кызыктарбыз. Өз кезегинде биз сиздерге мүмкүн болгон баардык шарттарды түзүп берүүгө даярбыз,”- А.Кадырбаев

Айта кетсек, делегация мүчөлөрү Ош шаарында бир катар ишканаларды кыдырып, кыргыз-өзбек чек арасындагы “Достук” өткөрмө бекетинде да болушат.

Пикир

Оставить комментарий