• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

А.Кадырбаев: Жайы салкын, кышы жылуу, көргөндүн көз жоосун алган сүйүктүү шаарыбыздын улуу майрамы

Аймак 0

Бишкек, 05.10.17./Кабар/. Ош шаарынын мэри шаар күнүнө карата тургундарды куттуктады. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Куттуктоо текстин толугу менен келтиребиз.

“Урматтуу шаардыктар жана шаарыбыздын меймандары!

Кылымдарды карыткан, маданияттын очогу болгон ордолуу Ош шаарыбызда чоң салтанат – сүйүктүү шаарыбыздын 3017 жылдык майрамы.

Шаар күнү биз үчүн жөн гана катардагы күн эмес. Бул күн кылым карыткан тарыхы бар, аты алыска, даңазасы далайга кетип, шаардын чок ортосунда ыйык “Сулайман Тоосу” орун алган, шаарды аралап керемет “Ак-Буура” дарыясы аккан, улуу бабабыз Бабур суктанган саябан бактуу, жайы салкын, кышы жылуу, көргөндүн көз жоосун алган сүйүктүү шаарыбыздын улуу майрамы.

Ошондон улам баарынан мурда Сиздерди, урматтуу кадырман калкым, Ош шаарынын Күнү менен чын жүрөгүмдөн куттуктап, баарыңыздарга майрамдык маанай каалайм.

Ар бир элдин, мамлекеттин кастарлап, дайыма чыдамсыздык менен күткөн майрамы болот. Бул майрамды ар бир адам өзүнүн артта калган бир жылдагы өмүрүнө кайрылып, жакшылыгына кубана, кемчилигине өкүнүп, кийинки майрамга чейин аларды кайталабоого аракеттенет. Бул адам баласынын табиятына мүнөздүү кадимки көрүнүш.

Анын сыңарындай Ош шаары, оштуктар быйылкы шаар күнүн эмгектеги ири ийгиликтери, жакшы саамалыктары жана жаңы демилгелери менен татыктуу тосуп олтурушат десем жаңылыштык болбойт. Быйылкы жыл, бүгүнкү майрам шаардыктардын ынтымагы, биримдиги, байгерчилиги менен коштолуп, өнүгүүнүн түз жолуна түшкөндүгүбүздүн ачык-айкын далили катары сезилип тургандыгы менен айырмаланып турат.

Жакшыны жакшы деп айтуу жан сергитээринен улам шаардын жетишкендиктери туурасында бүгүнкү майрам күнү учкай айтып кетүү ашыктык кылбайт.

Реалдуу сектордун өнүгүшү улам барган сайын туруктуу мүнөзгө ээ болууда. Өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмүнүн өсүү темпи акыркы үч жылда 31 пайызга өстү.

Күн санап шаарыбыздын инфраструктурасы жаңырып, курулуш индустриясынын жалпы көлөмү 2011-жылдагы 2 млрд. 973 млн. сомдон 2017-жылда 4 млрд. 928,0 млн. сомго чейин жетип, 65,7 пайызга өстү.

Акыркы үч жарым жылда жалпысынан 700 орундуу жети бала бакча, 740 орундуу эки орто мектеп, бокс интернаты, 3 ФАП, 1 ФОК пайдаланууга берилди.

Учурда 2580 орундуу жети мектептин курулушу жүрүп жатат. Анын ичинен 775 орундуу эки мектептин курулушу ушул жыл аягына чейин бүткөрүлөт.

Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн колдоосу менен 150 орундуу заман талабына ылайык оорукана курулууда.

Ошондой эле FIFAнын каржылоосу менен футбол академиясынын курулушу аяктап калды. Ушул эле мезгилде тышкы инвестициянын көлөмү 14,0 млрд. сомго жетти.

Дал ушунун өзүн шаардыктардын эмгекчилдигинин, мээнеткечтигинин, элибиздин нарк-насилин, улуттук ар-намысын бийик сактап, келечекке ишенимдүү кадам таштагандыгынын ачык-айкын көрүнүшү деп айтууга негиз бар.

Сиздердин, урматтуу шаардыктар, мына ушундай бийик сапаттарыңыздар, өнүгүүнүн туура жолун тандап алган көрөгөчтүгүңүздөр жана ак ниет эмгегиңиздер үчүн терең ыраазылыгыбызды билдиребиз.Буюрса, биз тандап алган багыт жакынкы келечекте экономикасы өнүккөн, элинин маданияты, нарк-насили бийик, Орто Азия чөлкөмүндөгү адам суктанган шаарга алып бара турган жол экендигинен күмөн саноого болбойт.

Буюрса, элибиз аман турганда биз ушул максаттарыбызга жетебиз.

Ар дайым жергебизде тынчтык, элибизде ынтымак болсун.

Майрамыңыздар менен!”,-деп айтылат Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаевдин куттук сөзүндө.

Эске сала кетсек, бүгүн, 5-октябрда Ош шаары өзүнүн 3017 жылдыгын белгилөөдө.

Пикир

Оставить комментарий