• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

А.Карашев: “Мугалимдерге пенсия чектөө механизмин кайра карап чыгуу зарыл”

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 30-март /Салтанат Абдраева – Кабар/. Мугалимдерге пенсия чектөө механизмин кайра карап чыгуу зарыл. Бул тууралуу бүгүн парламенттин жыйынында КСДП фракциясынын депутаты Аалы Карашев билдирди.

Анын айтымында, аймактарда шайлоочулар менен жолугушууларда көп козголгон актуалдуу маселелердин бири мугалимдердин эмгек акысын жана пенсиясын жогорулатуу болуп саналат.

“Белгилүү болгондой, өмүрүн окуучуларга билим берүүгө арнаган, эмгек сиңирген мугалимдерге эң төмөн пенсия берилет. Бул мугалимдердин нааразычылыгын жаратууда. Ошондой эле, эмгек стажы ар кандай мугалимдердин пенсияларынын өлчөмү бирдей болгон учурлар кездешет”, – деди Аалы Карашев.

Ал белгилегендей, аймактардын жашоочулары менен пенсияларды белгилөө өзгөчөлүктөрү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, пенсия чектөө механизмдерин кайра карап чыгуу керек.

Пикир

Оставить комментарий