• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

А.Халмурзаев БУУ ӨП өкүлү А.Аванесовду кабыл алды

Аймак 0

Бишкек, 29-май /Кабар/. 29-майда КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев Кыргызстандагы БУУ Өнүктүрүү Программасынын туруктуу Өкүлү Александр Аванесовду кабыл алды. Бул тууралуу Баткен облусундагы өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда алдыдагы кызматташуулар тууралуу сөз болду.

Алгач Александр Аванесов өкүл Абиш Халмурзаевге Баткен облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө багытталган программалар менен долбоорлорду ишке ашырууда колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылыгын билдирип, жаңыдан дайындалган БУУнун Өнүктүрүү Программасынын Баткендеги филиалынын аймактык менеджери менен тааныштырды.

Мындан сырткары БУУнун Өнүктүрүү Програмасынын облуста ишке ашырып жаткан долбоорлору тууралуу маалымат берип, облусту өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары боюнча кызматташууга даяр экендиктерин билдирди.

Өз сөзүндө өкүл Абиш Халмурзаев өзгөчө чек ара аймактарынын инфраструктурасын жакшыртууда кошкон салымдары үчүн жана буга чейин аймактын экономикасын өнүктүрүүгө багытталган ири масштабдуу иш чараларды, тагыраагы эки ирет Эл аралык Инвестициялык форумдарды өткөрүүдөгү колдоолору үчүн ыраазычылыгын билдирди. Мындан тышкары азык түлүктөрдү кайра иштетүүчү ишканаларды ачуу менен кошумча жумуш орундарды түзүүдө кызматташууга чакырды.

Пикир

Оставить комментарий