• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

А.Халмурзаев ЮНИСЕФтин Европа жана БА боюнча регионалдык директору менен жолукту

Аймак 0

Бишкек, 14-июль /Кабар/. Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Абиш Халмурзаев ЮНИСЕФтин Европа жана Борбор Азия боюнча Регионалдык директору Афшан Хан айым менен жолугушту.

Афшан Хан айым саламаттык сактоо, билим берүү жана балдарды коргоо багытында жетишилген жыйынтыктарды, ошондой эле 2018-2022-жылдарга жаңы, Өлкөлүк Программанын алкагында Кыргызстан Өкмөтү менен ЮНИСЕФ ортосунда балдар үчүн стратегиялык өнөктөштүктү кеңейтүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү талкуулоо максатында Кыргызстанга алгачкы сапары менен келгенин айтты.

Ал Баткенге болгон сапарында ЮНИСЕФтин облус аймагында, өзгөчө чек аралаш аймактарда жасаган жумуштары менен таанышканын, ооруканаларды, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар үчүн борборлорду, балдарды коргоо борборлорун кыдырганын айтып, ЮНИСЕФ өзү мындай жыйынтыктарга жетишүүсү мүмкүн эмес экенин, бул жергиликтүү бийликтин зор колдоосу жана тыгыз байланышта иштөөсүнүн натыйжасы деди.

Ал эми өкүл А.Халмурзаев, БУУнун Балдар фонду, балдардын жашоосун жакшы жагына өзгөртүү, ошону менен бирге алардын эң аярлуу топторуна өзгөчө көңүл бургандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирип, аталган уюм тарабынан облус аймагында жасалган жумуштарга токтолду.

Белгилей кетсек, Юнисеф уюмунун колдоосу менен 2008-жылдан бери 30 жамааттык балдар бакчалары ачылган болсо,Баткен шаарында, Баткен жана Лейлек райондорунда балдардын калыптандыруу борборлору жана төрт Жаштар борборлору ачылган. Мындан сырткары облустун билим берүү мекемелерине 20 миң китеп берилген.

Жолугушуу соңунда Афшан Хан айым менен өкүл Абиш Халмурзаев Тажикстан, Өзбекстан Республикалары менен чектеш аймактардагы жаштардын ынтымагын, достугун бекемдөө жаатында чогуу иштерди алып баруу боюнча макулдашышты.

Пикир

Оставить комментарий