• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

А.Кожошев: “Кыргызстан 2016-жылдын жыйынтыгы боюнча ЕАЭБ алкагында экономикалык көрсөткүчтөрүн жакшыртты”

Экономика 0

Бишкек, 6-март /Мирлан Киизбаев – Кабар/. 2016-жылдын жыйынтыгы боюнча Евразиялык Экономикалык биримдиктин алкагында Кыргызстандын экономикалык көрсөткүчтөрү жакшырган. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында экономика министри Арзыбек Кожошев билдирди.

Министрдин айтымында, тышкы товар жүгүртүүнүн жалпы абалына карата Кыргызстан 2016-жылы экспортту өстүрүп, импортту азайта алган. “Бул биздин экспорттук потенциал мурдагы жылдарга салыштырмалуу жакшыргандыгын билдирет. Тышкы товар жүгүртүү 5 млрд 463,7 млн долларды түзүп, 2015-жылга салыштырмалуу 1,4%га кыскарган. Экспорт 28,3% болсо, импорт 71,7%ды түзгөн”, - деп билдирди А.Кожошев.

Анын маалыматы боюнча, эскпорттук ташуулар 5,1%га көбөйүп, 1 млрд 544,6 млн долларды түзгөнү ЕАЭБ өлкөлөрүнө ташуулардын көлөмү 4,3%га, башка өлкөлөргө 5,3%га өсүшү менен шартталат. “Алтынды эсепке албаганда, товарлардын экспорту 4,8%га өсүп, 843,1 млн долларды түздү”, - деп билдирди министр.

Пикир

Оставить комментарий