• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

А.Мадумаровдун кол топтоо барагы текшерилет

Шайлоо 2017 0

БИШКЕК, 23.08.17. /Кабар/. Кечээ, 2017-жылдын 22-августунда Кыргыз Республикасынын президенти кызматына талапкер Адахан Мадумаровдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына 43 871 кол коюлган барактарды тапшырды. Бул тууралуу БШК басма сөз кызматы билдирди.

Кол коюлган барактарды кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу тобу 10 күндүн ичинде кол коюлган барактардын ишенимдүүлүгүн текшерет.

«Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерди колдогон шайлоочулардын колтамгаларын чогултуу жана талапкерлер жана (же) алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү сунуш кылган кол коюу барактарындагы колтамгаларды жана маалыматтарды текшерүү тартиби жөнүндө» нускамага ылайык, ыйгарым укуктуу өкүлдөр берген колтамгалардын жалпы санынан капилет ылгоо (чүчүкулак) аркылуу тандап алынган шайлоочулардын колтамгаларынын 20 пайызы текшерилүүгө тийиш.
БШК Кыргыз республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча Календардык планга ылайык, КР Президенти кызматына талапкерди колдогон кол коюлган барактар 2017-жылдын 26-августуна чейин тапшырылууга тийиш экендигин эске салат.

Пикир

Оставить комментарий