• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Айзат Кадырова "Мисс Бишкек-2017" аталды

Маданият 0

Бишкек, 27-март /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Айзат Кадырова «Мисс Бишкек-2017» аталды. Бул тууралуу сынактын уюштуруучусу Рыскүл Намазбекова билдирди.

Анын айтымында, 23-мартта «Мисс Бишкек-2017» сынагы өтүп, «Мисс Бишкек-2016» титулун Айзирек Мыктыбекова алган.

“Бирок кийин А.Мыктыбекова жеке себептерине байланыштуу титулдан баш тарткан. Ошентип, «Мисс Бишкек-2017» титулу буга чейин 1-вице-мисс аталган Айзат Кадыровага өттү”, - деп билдирди Р.Намазбекова.

А.Кадырова Кыргызстандын атынан эл аралык сынактарга барат. Бул сапарлар сынактын уюштуруучулары тарабынан камсыздалат.

Пикир

Оставить комментарий