• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

А.Үсөнов: “Байсалов Түркиядагы командировкасын так аткара алган жок, жыйынтыгында өзүн дагы, башкаларды дагы туңгуюкка кептеди”

Саясат 0

Бишкек, 25-апрель /Кабар/. Эдил Байсалов Түркиядагы командировкасын так аткара алган жок, жыйынтыгында өзүн дагы, башкаларды дагы туңгуюкка кептеп жатат. Бул тууралуу КР Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн жетекчиси Алмазбек Үсөнов Э.Байсаловдун бүгүнкү “КР Президенти А.Атамбаевдин түрк бизнеси тууралуу” маалымат жыйынына карата комментарий катары өзүнүн социалдык баракчасына жазды.

Төмөндө А.Үсөнов комментарийи толугу менен келтирилет: “Gulcanlar Elektrik Elektronik Ve Mobilya Sanayi Ticaret Ltd Sti” ишканасы 2002-жылы А.Атамбаев тарабынан сатылгандан кийин «ELEKTROMED» холдингинин менчиги болгон жана ага ылайык аты өзгөртүлгөн.

Керек болсо Э.Байсалов тарабынан журналисттерге көрсөтүлгөн документтер боюнча электр шаймандарын өндүрүү боюнча ишкананы А.Атамбаевден сатып алгандан кийин «ELEKTROMED» холдинги 2003-жылы февралда Измирде өзүнүн филиалын ачканы көрүнүп турат. Сөз бир эле ишкана тууралуу болуп жатканы барына түшүнүктүү.

Бүгүнкү күндө бизге жеткен маалыматтар боюнча, Измирдеги ишкананын аты «ELEKTROMED ELEKTRONİK SANAYİ VE SAĞLIK HİZMETLERİ A.Ş.». Бул тууралуу мындан мурда Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирген.

Ар бир акыл-эстүү кишиге ири холдинг кандайдыр бир ишкана сатып алса, сатып алган ишканасына башка ат коеру белгилүү.
Эгер Байсалов чын эле Измирде болгон болсо, аталган ишкананы таап, анын атын сүрөткө тартып келмек. Бирок, анткен жок... бул “изилдөөчүнүн” (“кладоискателя”) планына кирген эмес, анткени жаңылышып, оңтойсуз абалда калышы мүмкүн болчу. Ал жакта «ELEKTROMED» деп ишкананын аты жазылып туруусу шексиз. Бул Э.Байсаловдун Түркиядагы командировкасын жакшы иштей албаганынан кабар берет, эгер мен анын жумуш берүүчүсү болсом командировкага кеткен чыгымдарды төлөп берүүсүн талап кылмакмын.
Ишкананын баасы тууралуу Байсаловдун ырасташына байланыштуу айта турган болсом, көрсөтүлгөн видео жана сүрөттөрдө мекемеси эле кеминде бир нече миллион долларлык экени көрүнүп турбайбы. Ичиндеги жабдыктары дагы бар да. Жыйынтыгында бул ийгиликтүү бизнес болгону, ал аз акча эмес экенине ынанууга болот.

Мындан тышкары, «Arkan & Ergin Grant Thornton» компаниясы тарабынан жүргүзүлгөн көз карандысыз баалоо жана аудитке ылайык, 2002-жылы 31-декабрга карата бардык активдердин реалдуу баасы 33,7 млн долларды түзгөнүн эскерте кетким келет. Жыйынтыгында А.Ш.Атамбаев тарабынан сатылгандан кийин ишканынын базар баасындагы тиешелүү кирешеси алынган, башкача айтканда ал 35 млн АКШ долларына жакын каражатты түзөт. Ошондуктан Байсалов мырза өзүн дагы, башкаларды жагы туңгуюкка кептөөдө.

Биз барыбыз Э.Байсаловдун “бомбаларына” көнүп деле калгандай болдук. Жашырбай эле айтайын, бул боюнча маалыматы бар эки журналист менен жолугушкандан кийин менде коомдук ишмер Эдил Байсаловго карата суроолор пайда болду. Алардын бири Э.Байсаловдун А.Атамбаевге карата сын-пикиринин өзгөчө активдүү болуусу президенттин Убактылуу өкмөттүн мурдагы жогорку кызмат адамдарынын байлыгын текшерүүгө чакырыгынан кийин пайда болгонуна көңүл бурууну сунуштады.

1-суроо. Сиз 2010-жылы апрелден кийин өзүңүздүн байлыгыңызды өтө эле көбөйтүүгө жетишкениңиз чынбы? Сиздин карамагыңызда Ысык-Көл облусундагы батириңиз, андан тышкары иниңизге катталган борбордогу 2 чоң үй, батириңиздин күтүлбөгөн жерден пайда болгонун кандайча түшүндүрөсүз?

2-суроо. Ысык-Көлдүн жээгиндеги 4 жер тилкеси кайсыл каражатка сатылып алынган жана ал жакка ким коттедждер куруп жатат?
Байсаловдун биографиясы боюнча 2010-жылы апрелден кийин ал мамлекеттик кызматтарды, болгондо дагы башында Убактылуу өкмөттүн тушундагы жогорку кызматтарды, андан кийин парламенттин мурдагы чакырылышынын көпчүлүк коалициясы түзгөн түрдүү өкмөттөрдө чоң кызматтарды ээлеп келген. Анын кандай иштегени, сепаратист Кадыржан Батыровго дипломатиялык паспорт берүүдө кандай аракет кылганы эсибизде. Муну өзү дагы жокко чыгара албайт.

3-суроо. Майрамдык жашоодо жашашыңыз үчүн сизге каражаттар кайдан келет? Акыркы жылдары өзүңүздү жарандык активист катары көрсөтүп келе жатасыз, бирок белгилүү болгондой сиздин туруктуу ишиңиз жок. Ошондой эле, ар түрдүү сапарларга, акыркысын эле айтайын Измирге барып келгенге кайдан акча алдыңыз? Сапарга өзүңүздүн чөнтөгүңүздөн бардыңызбы, же кимдир бирөөнүн буйрутмасын аткарып келдиңизби?

4-суроо. Өлкөнүн президентин ал Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү өздөрүнүн байлагы тууралуу отчет берүүсүн талап кылгандыгы үчүн эле ушунчалык жаман көрүп калдыңызбы?

Бул суроолор мени эле эмес, жөнөкөй жарандарды дагы кызыктырат деп ойлойм”.

Пикир

Оставить комментарий