• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

А.Жамангулов: Бишкек ЖЭБине алынган камералардын сегизи гана атайын, калгандары кадимки эле камералар

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 14.03.18 /Кабар/. Бишкек ЖЭБиндеги авариялык кырдаалды иликтеген депутаттык убактылуу комиссиянын 13-марттагы жыйынында жылуулук борборуна алынган видеокамералардын да наркы талкууга алынган. “Электр станциялары” ААКсынын өкүлдөрү депутаттарга видеокамералардын базар баасынан 12 эсе кымбат алынышынын себебин дүйнөлүк стандартка ылайыкташтырылгандыгы менен түшүндүрүшкөн.

ЖК басма сөз кызматы билдиргендей, бүгүн, 14-мартта депутат Акылбек Жамангулов Бишкек ЖЭБине барып, талкууга алынган видеокамералардын санын жана сапатын тактап келди. Депутаттын айтымында, жылуулук борборуна 123 камера жана бир сервер орнотулган. “Алардын сегизи гана атайын видеокамера катары мештерге жана жылытуучу барабандарга жакын коюлган, ал эми калгандары кадимки эле жылуучу жана туруктуу камералар. Алар жөнөкөй тиричилик жана өндүрүштүк жайларда гана колдонулуп жатат”, – дейт Акылбек Жамангулов.

Ошондой эле депутат аталган видеокамераларды сүрөткө тарта келген.

Пикир

Оставить комментарий