• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ЖКда Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү каралды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 08.01.18 /Кабар/. Бүгүн, 8-январда Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитеттин жыйынында «КР Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорунун концепциясы каралды. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы билдирди.

КР экономика министри Артем Новиковдун айтымында, аталган мыйзам долбоору айыл чарба өндүрүүчүлөрүн колдоо, айыл чарба кооперацияларына биригүү үчүн дем берүү, соода- логистикалык борборлорунун жана Машина-трактордук станциялардын өнүгүүсүн колдоо, айыл чарба продукциясынын экспорттук потенциалын жогорулатуу максатында иштелип чыккан.

Бул максатты жүзөгө ашыруу үчүн долбоор аркылуу “айыл чарба кооперативи”, “айыл чарба өндүрүүчүсү” деген түшүнүктөргө редакциялык түзөтүүлөр киргизилип, “Машина-трактордук станция”, “айыл чарба багытындагы соода логистикалык борбор” түшүнүктөрүнө так аныктама берилүүдө.

Талкууда мыйзам долбоорунун кабыл алынышы менен айыл чарба кооперативдеринин саны көбөйө тургандыгын айткан депутат Асылбек Жээнбеков алардын сапатын дагы жакшыртууну шарттай турган өзгөртүүлөрдү киргизүү керектигин баса белгиледи. Ал эми депутат Мирлан Бакиров айыл чарба кооперативине так аныктама берүүдө алардын 20,50 гектер жери болушу керек дегендей так маалымат жазуу зарылдыгын кошумчалады. Ошону менен катар мыйзам иштеп кетишин камсыз кылуу максатында республика аймагындагы тажрыйбалуу кооперативдерди чакырып “парламенттик угуу” өткөрүүнү сунуш кылды. Комитеттин бир катар мүчөлөрү дагы мыйзам долбоорунун концепциясын колдоо менен бирге сапаттуу мыйзам кабыл алынышы үчүн бир катар жагдайларга тактоолорду киргизүү зарылдыгын билдиришти.

Жыйынтыгында айтылган сунуш-пикирлерди эске алуу менен мыйзам долбоору 1-окууда жактыруу чечими кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий