• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

А.Жээнбеков: Ө.Текебаевдин билдирүүлөрү жоопкерчиликсиздик жана ал туура эмес ыкмаларды колдонуп жатат

Саясат 0

Бишкек, 13-март /Эрмек Абдрисаев - Кабар/. Өмүрбек Текебаевдин билдирүүлөрү жоопкерчиликсиздик жана ал тыюу салынган, туура эмес ыкмаларды колдонуп жатат. Мындай пикирин парламенттин V жана VI чакырылыштарынын мурдагы төрагасы, Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбеков оор кылмыштарга айыпталып жаткан “Ата-Мекен” партиясынын лидери Ө.Текебаевдин КР Президентинин акыл-эсин текшертүүсү боюнча сунушуна байланыштуу билдирди.

“КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев – бул мамлекетти жана элди туюндурган мамлекет башчысы. Ошондуктан жеке таарынычтарына жана бүгүнкү күнү Өмүрбек Чиркешевич мындай жагымсыз жагдайда калгандыгынан улам ушундай билдирүүлөрдү жасап жатканы – өтө жоопкерчиликсиздик”, - деп эсептейт КР ЖК депутаты.

А.Жээнбеков белгилегендей, түзүлгөн кырдаалда кастык сезимдерге жана жеке жаман көрүүлөргө алдырбаш керек. “Биринчиден, мамлекеттин жана элдин кызыкчылыгын ойлош керек. Биздин көпчүлүк саясатчыларыбыздын кемчилиги - мамлекет менен элдин кызыкчылыктарын жеке амбицияларынан жана максаттарынан жогору кое алышпагандыгында болуп саналат. Ал эми адамдын кооз сөздөрүнө эмес, анын ишине жараша баа беришет эмеспи”, - деп эсептейт ал.

Депутат А.Жээнбеков мамлекет башчысы менен көп жылдардан бери бирге иштеп, аны жакындан билээрин белгилеп өттү. “Мен КР парламентинин 2 чакырылышынын төрагасы болуп иштедим. Алмазбек Шаршеновичтин ишке болгон жөндөмдүүлүгүнө Кыргызстан көз карандысыздыгын алгандан тартып, мындай таасирдүү мамлекет башчыбыз болгон жок деп баа берем. Ал президенттердин жана премьер-министрлердин ичинен эң мыктысы. Өзүнүн билим деңгээли, жөндөмдүүлүгү жана кудай берген сапаттары менен ал буга чейинки өлкө жетекчилеринен өзгөчөлөнүп турат”, - деп белгилейт ЖК КР депутаты.

А.Жээнбеков А.Атамбаевдин президенттиги учурунда Кыргызстанда абдан олуттуу жетишкендиктерди байкоого мүмкүн болгону чындык экендигин эскертти. “Буга карабастан, Президентке таарынычы бар оппозиция өкүлдөрү кырдаалды күчөтүп, экономикалык, саясий жана башка жетишкендиктердин жоктугун айтып жатышат”, - деп кошумчалады А.Жээнбеков.

Парламентарийдин айтымында, карапайым эл 2010-жылы өлкөдө түзүлгөн жагдайды бүгүнкү абал менен салыштырса болот. “Өлкөнүн туруктуулугу элибиздин даанышмандыгы менен курулуп, Президенттин мүнөзү жана жеке сапаттары бул туруктуулукту сактап калууга жана андан ары өнүктүрүүгө шарт түздү. 2010-жылга чейинки жана андан кийинки айырма чоң. Алар көп сандаган жолдордун, мектептердин, ооруканалардын курулушу, “Датка-Кемин” линиясынын ишке киргизилиши менен энергетикалык көз карандысыздыкка жетишүү, газ маселеси боюнча кабыл алынган чечим десек болот. Бул иштер өлкө 2010-жылдан кийин кабылган кыйынчылыктарга карабастан ишке ашты. 2011-жылы жана учурда шайлоолор кандай өткөрүлгөнүн салыштырып көргүлө. Диний саясат жөнгө салынып, иштей баштады. Булардан башка көптөгөн өнүгүү мисалдарын келтирүүгө болот”, - деп кошумчалады эл өкүлү.

Парламенттин мурдагы төрагасы белгилегендей, буларга Ө.Текебаев өзү сындап жаткан альтернативалык жолдордун курулушун кошууга болот. “Буга чейин ал бул маселеге байланыштуу сын көз карашын билдирген эмес, бирок А.Атамбаев менен мамилеси өзгөргөн учурдан тартып, бул боюнча да сын айта баштады. Демек, ал буга чейин өзү да мактап, өзүнүн партиясы куруп жатат деп келген кадамдарды сындап жатат”, - деди ал.

Ошондой эле, депутат А.Атамбаевдин башкаруусу учурунда өлкө көз карандысыз жана эгемен мамлекеттин түсүн алгандыгына көңүл бурду. “Өлкөдөгү кемчиликтерге жана кыйынчылыктарга карабастан, биз Кыргызстанды башка, кыйла сапаттуу деңгээлде көрүп турабыз. Бирок, таарынычы барлар жана өлкө душмандары гана буларды көрүүнү каалашпайт. Ал эми эл жана туура ой жүгүрткөн адамдар бул жетишкендиктерди күнүмдүк жашоосунда сезип жатышат. Атамбаевдин учурунда көз менен гана көрө ала турган эмес, кармап да көрүүгө боло турган ийгиликтер ишке ашырылды”, - деп кошумчалады парламентарий.

КР ЖК депутатынын пикиринде, буларга кошумча катары Президенттин ой-жүгүртүү деңгээли жана ыкчам чечим кабыл алуусу абдан жогору. Бул аны башка саясатчылардан өзгөчөлөнтүп турат. “Ошонун натыйжасында биз мамлекетибиздин ийгилигине айланган маселелер боюнча туура чечимдерди кабыл алдык. Ал эми биз жетише албай калган багыттар, мурдагы Конституциянын кемчилдиктерине байланыштуу. Ачык мисал катары, өкмөттүн тез-тез алмашып турушун, парламентте 5-6 фракциянын болушун жана фракция лидерлеринин ыйгарым укуктарынын көптүгүн айтсак болот. Классикалык парламенттик башкаруунун таптакыр жоктугу. Мындай башаламандык жана жөнсүздүктөр болбогондо, биз дагы көп нерселерге жетише алмакпыз”, - деп түшүндүрдү КР ЖК депутаты.

А.Жээнбеков КРнын Конституциясына түзөтүүлөрдү киргизүү Алмазбек Атамбаевдин стратегиялык жана эң туура кабыл алынган чечими экендигин белгилеп кетти. “Президентке мамлекетте тартип жана жоопкерчиликтүүлүктү орното турган оңдоолорду киргизүүгө мүмкүнчүлүк бербей коюшту. Кайра эле, мында дагы Текебаев башында турган, учурда да мамлекет башчысына каршы чыгып жаткан адамдар жолтоо болушкан”, - деди А.Жээнбеков.

Асылбек Жээнбеков “Ата-Мекендин” лидеринин А.Атамбаев атайылап парламентти таратып, премьер-министрлик кызматты ээлеп калууну көздөп жатканы тууралуу билдирүүлөрүн бул кадимки спекуляция деп эсептейт. “Президент жасагысы келбеген аракеттерин анын оппоненттери өз мүдөөсү үчүн пайдалана тургандыктарын алдын ала сезген. Тактап айтканда, оппоненттер эч качан айтылбаган нерселерди элге таңуулашат. Ошондуктан, А.Атамбаевдин президенттигинин алгачкы күндөрүнөн бери, ал иш мөөнөтү аяктаганга канчадыр күн калганын, андан соң ал кызматын өткөрүп берип, премьер-министр да, ЖК төрагасы да болбой турганын айтып келет. Бул Алмазбек Шаршеновичтин тактыгын дагы бир ирет көрсөтүп, Ө.Текебаев сыяктуу адамдар шайлоолордун алдында мындай окуяларды айтышын алдын ала билгендигинен кабар берет. Ал алдын ала бул нерселер тууралуу айтып келген, бул анын акылмандыгынан кабар берет. Мына ошондуктан, А.Атамбаев башынан эле башка нукта белгилеп келгендиктен, Текебаевдин билдирүүлөрү боюнча кандайдыр бир сөздөр болушу мүмкүн эмес”, - деп кошумчалады А.Жээнбеков.

Эл өкүлүнүн пикиринде, болуп жаткан окуялардын максаты - жалган маалыматтын эсебинен Президенттин атын каралап, мамлекет башчы тууралуу элге терс пикирди таңуулоо болуп саналат. Асылбек Жээнбеков мындан тышкары, каралоо, жалаа жабуу менен алектенген айрым ЖМКлар жана саясатчылар тарабынан мыйзамдар, моралдык-этикалык принциптер сакталбай жатканына көңүл бурду. “Биз бүгүнкү күнү коомдо мыйзамдар сакталбаган Кыргызстанда жашайбыз. Кайсы гана адептүү коом болбосун, курулай каралоо жана жалган жалаа жабуу менен алектенбеши керек. Ошондуктан, мыйзамда ар-намысына жана аброюна шек келтирилгнн адам сотко кайрыла алат деп жазылган. Тилекке каршы, ар кайсы коомдо адепсиз адамдар жана журналисттер бар”, - деп билдирди эл өкүлү. Коомдун адептүү бөлүгүн сыйлоого кантип жетишүүгө болот деген маселеде А.Жээнбеков мыйзам жолу менен гана деп эсептейт. “Жогоруда көрсөтүлгөн маселелер сотто азыркыдай жыл бою эмес, 5-10 күн каралган шартта тартип болот”, - дейт КР ЖК депутаты.

Анын айтымында, ошондо гана жоопкерчилик жалпы эл үчүн милдеттүү ченемге айланат. “Биз адамдардын намысы, аброю сыйланбаган, анархия өкүм сүргөн мамлекетке айланып бара жатабыз. Мындай болбошу шарт. Себеби, анархиялык эмес, демократиялык, укуктук мамлекетти курушубуз керек. Ошондуктан, мен Президентти намысын, аброюн коргоо боюнча иш алып барган органдар тиешелүү деңгээлде иштешкен жок деп эсептейм. Ошондой эле «Zanoza» жана «Азаттык» маалымат каражаттарына карата доо арыздары туура деп эсептейм. Анын үстүнө “Азаттык” 100% тыштан каржыланган ЖМК. Ал эми мындай маалымат каражаттарында өз форматы болуш керек. Мисалы, Би-би-си сыяктуу. Тыштан каржыланган ЖМК ички мамлекеттик чечимдердин кабыл алынышына таасир берип, коомго жана мамлекетке өз чечимдерин таңуулоого таасир бербеши керек. Мындай ЖМКлар фактыларды гана көрсөтүшү керек. “Азаттык” өз форматын жоготуп, тыштан каржыланган маалымат каражаты экендигин унутуп койду”, - дейт парламентарий.

А.Жээнбеков ЖМКлардын шектүү ой-пикирлерди жана айыптоолорду механикалык түрдө кайталап басуулары да туура эмес деп эсептейт. “Батыштын мисалындагы укуктук өлкөлөрдө, ЖМКлар жарыяланган материалдарына, айрыкча айыптоолоруна жооп берет. Бул аларда мыйзамдарды жана коом алдындагы жоопкерчиликти аткаруунун кыйла сапаттуулугу менен жетишилет. Тилекке каршы, бизде бүгүн мындай жок”, - деп жыйынтыктады Асылбек Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий