• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

“Апрель Байрагы” жана “Бириккен элдик кошуундар” коомдук бирикмелери Кыргыз элине кайрылуу жасады

Коом 0

Бишкек, 13.02.18. /Кабар/. “Апрель Байрагы” коомдук бирикмеси жана “Бириккен элдик кошуундар” Кыргыз элине кайрылуу жасады.

Кайрылуу текстин толугу менен өзгөрүүсүз беребиз:

"Кымбаттуу кыргызстандыктар, ардактуу мекендештер! 2010-жылдагы Апрель элдик революциясынан кийин күч түзүмдөрү иштей албай турган учурда Элдик кошуундар (ДНД) түзүлүп, Кыргызстанда тынчтыкты орнотууга өз салымдарын кошушканы жалпыңыздарга маалым! 2010-жылы Кыргызстандагы баардык 20дан ашык элдик кошуундары биригип, алгачкы жолу курултай өткөрүп, «Бириккен Элдик кошуундарды» (Союз Народных Дружин) түзүп бир муштумга бириккенбиз! Биз муну менен ар кандай талап-тоноону, жер басып алууларды, улут аралык жаңжалдарды басууга, тартип орнотууга өз салымдарыбызды кошконбуз.+ Биз ар дайым Апрель элдик революциясынын максаты, баалуулуктары ишке ашуусуна акыр аягына чейин туруп, сүйүктүү мекенибиздин гүлдөп- өсүшүнө өз салымыбызды кошуу үчүн «Тынчтык, тартип жана мыйзамдуулук үчүн» деген ураанды туу тутуп келебиз! Биз өлкө башчыбыз Сооронбай Шариповичтин Коопсуздук кеңешинин жыйынында сүйлөгөн сөзүн, демилгесин толук колдойбуз! Президентибиз сүйлөгөн сөзүндө жалпы Кыргыз элинин көйгөйүн айтты! Өлкөбүздөгү акыркы күндөрү мыйзамды сактайт деген кээ бир соттордун жардамы менен кылмыш дүйнөсү баш көтөрүп, айрым сатылган соттордун чечими менен эркиндикке чыгып жатышы бизди да намыстантты. Элине ак кызматын кылайын деген максат менен баштарын канжыгага байлаган жөнөкөй кызматкерлердин эмгеги менен коррупцияга каршы, оор кылмыштарга каршы канчалаган оперативдүү иштер, канчалаган мээнеттер менен козголгон иштер сотто сынып, кыйрап жатышы – бүгүнкү күндө мамлекет тарабынан жасалып жаткан мээнет, эмгектердин жемишине көлөкө түшүрүп, көө жаап жатышы – чындык! Эсиңерге салып кетсек, Апрель элдик революциясынын келип чыгышына мыйзам иштебей, карапайым жарандардын укуктары корголбой кордолуп, тепселип, коррупциянын гүлдөшү себеп болгон. Сот системасындагы, күч түзүмдөрүндөгү коррупция негизги себептеринин бири болгон! Биз эгемендүүлүк алгандан берки тарыхыбызда биринчилерден болуп коррупцияга каршы айоосуз күрөш баштай алган экс-президентибиз Алмазбек Шаршенович Атамбаевдин ишин президентибиз Сооронбай Шарипович Жээнбеков мындан ары да күчөтүп, аягына чыгарат деп терең ишенебиз! 17 коомдон бириккен элдик кошуундар Ордо кеңешинин чечими менен президентибиз Сооронбай Шариповичтин “соттордун мыйзамсыз иштерине кайдыгер карап отура албайм, коррупция менен өзүм башында туруп күрөшөм, менде саясый эрк бар. Мени эл шайлаган, элге берген убадаларымды аткарам” деген билдирүүсүн бир ооздон колдоого алып, биз да четте турбай колдоп, жардам берээрибизди билдирип кеткибиз келет! Ал эми жалпы коомчулукту коррупция менен чогуу күрөшүүгө, мамлекет башчыбызга жардам берүүгө чакырабыз.

ОО «Апрель Байрагы» Доолоталиев.К

ОО «Бириккен Элдик Кошуундар» Кылычов.А.З.

ОО НД «Элдик Сакчы» Ирсалиев.К.М.

ОО ДНД «Патриот» Искаков Т.М.

ОО «Ала Тоо Бишкек» Сарногоев

ОО «Мекен Учун» Оморов.С.

ОО «Элдик Кайрат» Сыдыков.Б.

ДНД «Ош Чоролор» Сатыбалдиев.У.

ОО «Люцтрация Судей» Маматкеримов.К.

ОО «Эл Дост Ордо» Жумалиев.С.

ОО «Орток Шамы» Нурмамбетов.Ж.

ОО «Корупцияга каршы» Досалиев.Б.

ОО «Боевое братство» Союз Авганцев

ОО «Коомдук жаштар кеңеши» Джусупов.Э"

Маалымат булак: http://bagyt.kg/koomduk-birikmerdin-kyrgyz-eline-kairyluusu-jalpy-koomchuluktu-korrupciya-menen-choguu-kuroshuugo-mamleket-bashchybyzga-zhardam-beruugo-chakyrabyz/

Пикир

Оставить комментарий