• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

AAA же MMA. Жарандар унааларына цифралардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгилерин сатып ала алышат

Өкмөт 0

Бишкек, 12.09.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын жарандары автоунаа каражаттары үчүн мамлекеттик каттоочу цифралардын жана тамгалардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгилерин сатып ала алышат. Тийиштүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов кол койду.

Аталган чечим мамлекеттик каттоочу цифралардын жана тамгалардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгилерине карата сатуу ыкмаларын оптималдаштыруу максатында кабыл алынган.

Онлайн-аукционго катышуу аркылуу цифралардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгини сатып алууну каалаган жаран ага кошумча катары

тамгалардын өзгөчө айкалышын көрсөтүп, ыйгарым укуктуу орган эсептелген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын сайтында тиешелүү электрондук арыздын бере алат.

Ыйгарым укуктуу органдын сайтында онлайн-аукциондун өткөрүлүшүнө чейин 10 календардык күндөн кем эмес учурда аны өткөрүү жана онлайн-аукционго катталуу тартиби туралуу маалымат жайгаштырылат.

Документке ылайык, онлайн-аукционсуз номердик белгини же ассоциациялык номердик белгини сатып алууну каалаган жаран, ага кошумча катары тамгалардын өзгөчө айкалышын көрсөтүүгө укуктуу.

Бирдей айкалыштагы тамгалардын, мисалы: AAA, BBB, DDD, XXX, RRR наркы 30 миң сомду түзөт, ал эми ар түрдүү айкалыштагы тамгалардын наркы, мисалы: NEO, MMA – 12 миң сомду түзөт.

Автоунаа каражаттары үчүн цифралардын жана тамгалардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгилеринин наркын аныктоо үчүн талдоо жүргүзүлүп, анын негизи катары онлайн-аукциондо сатылган цифралардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгилери алынган.

Жарандар цифралардын жана/же тамгалардын өзгөчө айкалышын камтыган номердик белги алууда төмөндөгүлөргө:

- мамлекеттик органдардын же мамлекеттер аралык бирикмелердин аббревиатураларынын тамга айкалыштарын көрсөтүүгө;

- адепсиз, уят же эки мааниге ээ болгон тамга айкалыштарын көрсөтүүгө;

- интеллектуалдык менчик объектиси болуп саналган товардык белгилердин жана/же фирмалык аталыштардын аббревиатураларынын тамга айкалыштарын көрсөтүүгө жол берилбейт.

Пикир

Оставить комментарий