• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Аалам наристеден кубат алып, бакубат коом бактылуу балдардан түзүлөт - ЖК Төрагасы

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 1-июнь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Чыныбай Турсунбеков 1-июнь Балдарды коргоо күнү менен куттуктады. ЖК басма сөз кызматы билдиргендей Төраганын куттуктоосунда мындай делет:

“Урматтуу балдар!

Ардактуу бөбөктөр!

Силерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин жана жеке өзүмдүн атымдан 1-июнь – Эл аралык балдарды коргоо күнү менен чын дилимден куттуктайм!

“Ата - аскар тоо, эне - боорундагы булак, бала - экөөнүн ортосунда күйүп турган шам чырак” дегендей, силер бир үй-бүлөнүн бакытка бөлөгөн кубанычы гана эмес, жалпы коомду арууланткан табериксиӊер. Анткени, жашоонун жаӊы барагын ачкан наристенин асыл тилек, акактай аруу үмүттөргө толгон дүйнөсү жашообузга жарык чачып, эртеӊибизге жол көрсөтүп турат. Баланын күлкүсү жүрөктөрдү таӊ нурундай жылытып, таза сезими жан дүйнөнү сергитет. Аалам наристеден кубат алып, бакубат коом бактылуу балдардан түзүлөт.

Ардактуу кыргызстандыктар!

Бул күн жалаӊ эле жаш балдардыкы эмес, жалпы адамзаттын майрамы. Анткени, баарыбыз ошол балалыктын аруу дүйнөсүндө жашап, андан канат кагып учуп чыкканбыз. Азыр ар бирибиз ошол балалык курактын күӊгөй-тескейин карап олтуруп, наристенин бактысы ата-эне экенин баамдайбыз. Баардык турмуш балалыктан башталып, бул куракта алынган тарбия-таалим, айтылган бата-тилектер анын кийинки тагдырын аныктай тургандыгына ынанабыз. Дүйнөдө бала менен ата-эненин ортосундагыдай сүйүү жок экендигин сезебиз. Бул сезим көпүрөсү бекем болушу үчүн ар бир ата-эне кам көрүшү керек. Айрыкча, аларды өзүбүздүн гана урпагыбызды улоочу адам катары эле эмес, жалпы коомдун келечеги болгудай инсан кылып чоӊойтушубуз зарыл.

Ардактуу жаш досторум!

Силерди дагы бир жолу 1-июнь - Эл аралык балдарды коргоо күнү менен куттуктайм! Ар бириӊерге кеӊ келечек, бекем ден-соолук, узун өмүр каалайм! Биз силердин бактылуу болушуӊарга зарыл болгон шарттарды түзүүгө милдеттүүбүз. Биздин ар бир кылган эмгегибиз, жасаган ишибиз силердин келечегиӊер үчүн экенин унутпагыла! Жакшы окуп, тарбиялуу болуп, ата-энеӊерди гана эмес, Мекениң менен элиңди сыймыктандырган атактуу инсандардан болгула! Араӊардан Айкөл Манас баатырдай, дүйнөнү калеми менен башкарган улуу Чыӊгыздай, кайраты менен таӊ калтырган касиеттүү Курманжандай уул-кыздар арбын чыксын!”

Пикир

Оставить комментарий