• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

“Аалам” саясий партиясы 10 жылдык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарды

Саясат 0

Бишкек, 3-июль /Мирлан Киизбаев - Кабар/. “Аалам” саясий партиясы Ысык-Көлдүн жээгинде партиянын 10 жылдык ишмердүүлүгүнө арналган жыйын өткөрдү. Иш чара Тоң районуна караштуу Шор-Булак айылында болуп, ага өлкөнүн дээрлик бардык облустарынын өкүлдөрү катышып, 40 боз үй тигилген.

Партиянын лидери Арсланбек Малиевдин журналисттерге билдиришинче, “Аалам” партиясын башка саясий уюмдарга кошулууну каалабагандар түзгөндүктөн, андагы мүчөлөрдүн саны көп.

“Биз бул партияны башка саясий уюмдарга, партияларга кошулууну каалабаган жарандар үчүн ачканбыз. Эгер глобалдык масштабда карап көрсөк, дүйнөдөгү адамдардын 99% пайызы эч кандай партияларга мүчө эмес. Мындан улам биздин партия дагы көп сандаган жарандардан турат. Албетте биз мыйзамдын талабына ылайык, каттоодон өткөнбүз”,-деди Малиев.

Анын айтымында, “Аалам” чындыкты издегендердин партиясы. “Себеби чындык болгон жерде, стабилдүүлүк орун алат”,-деп кошумчалады партия лидери.

Анткен менен, Малиев журналисттердин президенттикке талапкерлигин коюу жөнүндөгү суроолоруна андай планы жок экенин айтты.

“Биз партиянын түптөлгөнүнүн 10 жылдыгын белгилеп, мындан ары келечекте аткара турган пландар тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Азырынча президенттикке талапкер чыгаруу маселеси карала элек. Мен андай максатты көздөбөй элемин. Учурда биз элдин оюн чогултуп жатабыз. Менин президенттикке талапкерлигимди коюу боюнча айтуу эрте. Бул суроо чечиле элек. Партиянын съездин өткөрүшүбүз зарыл”,- деген Малиев, эгер партия анын талапкерлигин колдосо, кандидат болуп калышы мүмкүн экенин кошумчалады.

Партиянын расмий иш чарасынан кийин 10 жылдыктын урматына улуттук ат оюндары уюштурулуп, баш байгеге “Mercedes Benz S”-класс жана “Mitsubishi Space Vagon” үлгүсүндөгү 2 унаа коюлду.

Пикир

Оставить комментарий