• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

“Аалам сулуусу - 2018” сынагынын жеңүүчүсү аныкталды - ажарлуу бийкечтин сүрөтү

Дүйнө 0

Бишкек, 17.12.18./Кабар/. Филиппиндик Катриона Грей “Аалам сулуусу - 2018” сынагынын жеңүүчүсү деп табылды. Бул тууралуу сынактын расмий сайтында маалымдалат

Бүгүн таң эртең менен Бангкокто сулуулар сынагы өтүп, жеңүүчүлөр аныкталган. Аталган сынакка Кыргызстандын атынан Бегимай Карыбекова катышкан.

“Аалам сулуусу - 2018” наамына 94 өлкөдөн келген сулуу катышкан. Алардын ичинен башкы наамга филиппиндик Грей, вице-мисс наамдарына Африкадан келген Грин Тамарин жана Венесуэладан келген Стефани Гутьеррез татыган.

Пикир

Оставить комментарий