• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Аалиев: Бизге экономиканы, инновацияны өнүктүрүүгө жөндөмдүү санариптик секирик керек

Өкмөт 0

Бишкек, 18.02.22. /Кабар/. Бизге экономиканы, инновацияны өнүктүрүүгө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү сапатын жогорулатууга жөндөмдүү санариптик секирик керек, - деп билдирди министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Азиз Аалиев Санариптик өнүктүрүү министрлигинин 2021-жылдын жыйынтыгы жана үстүбүздөгү жылга милдеттери боюнча коллегиялык жыйынында.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, ал санарип экономика бардык мамлекеттердеги жаңы парадигма жана жаңы реалдуулук экендигин белгиледи.

«Жаңы реалдуулукка секирик жасоо үчүн биз заманбап технологиялык инструменттерди колдонуу менен жаңыча ой жүгүртүшүбүз керек», - деди Азиз Аалиев.

Министрлер кабинетинин башчысынын орун басары кошумчалагандай, Санариптик өнүктүрүү министрлигинин астында артыкчылыктуу милдеттер турат, алар 2026-жылга чейинки өлкөнүн Улуттук өнүктүрүү стратегиясында белгиленген.

«Кеп калктын жана бюджеттик тармак кызматкерлеринин санариптик көндүмдөрүн калыптандыруу жана өркүндөтүү, байланыш кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, байланыш жана телекоммуникациялар инфраструктурасын өнүктүрүү, ошондой эле радиожыштык спектрин сарамжалдуу пайдалануу, мамлекеттик эдектрондук кызмат көрсөтүү порталынын толук кандуу иштеши, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында бизнес-процесстерди автоматташтыруу, Кыргыз Республикасынын санариптик экономика концепциясын кабыл алуу жана аны ишке ашыруу жөнүндө жүрүүдө», - деди ал.

Азиз Аалиевдин айтымында, Санариптик өнүктүрүү министрлиги тарабынан жетиштүү көңүл бурулбай жаткан бир катар олуттуу маселелер бар.

«Сиздерден биринчи кезекте санариптик секирик жасоо күтүлүүдө. Сиздер экономикалык чечимдердин провайдерлери катары саналасыздар. Андыктан быйыл өлкөнү санариптештирүү иштерин күчтөндүрүү зарыл. Жарандарды каттоо жана документтештирүү маселелерин бир топ жөнөкөйлөтүү зарыл. Буга чейин токтом кабыл алынган, ага ылайык айыл өкмөттөрүндө жарандарга документтештирүү боюнча кызмат көрсөтүлөт. Мындан тышкары, ар кандай маалымдама түрлөрүн талап кылууну четтетүү боюнча олуттуу иштерди жүргүзүү маанилүү, мамлекеттик органдардагы бизнес-процесстер электрондук форматка өтүшү керек», - деди ал.

Коллегиялык жыйындын соңунда бир катар тапшырмалар берилди.

Пикир

Оставить комментарий