• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Аалымдар кеңеши коронавируска каршы эмдөө боюнча фатва чыгарды

Коом 0

Бишкек, 15.07.21. /Кабар/. Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңеши COVID-19 илдетине каршы эмдөө боюнча фатва чыгарды. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы маалымдайт.

Фатва толугу менен берилет:

Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин VII чакырылышынын чечиминин негизинде COVID-19 илдетине каршы эмдөөдөн өтүү жөнүндө төмөнкүдөй фатва чыгарат:

№ 1 фатва

Өткөн жылы COVID-19 пандемиясы канчалаган адамдардын өмүрүн алып кеткендиги бүткүл дүйнө жүзүнө белгилүү. Тилекке каршы, акыркы учурларда ооругандардын саны көбөйүүдө. Ошондуктан, бүгүнкү күндө коронавирус инфекциясына каршы эмдөө алуу маселеси өтө актуалдуу болууда. Саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин пикири боюнча оорунун жайылуусун токтотуучу жалгыз ыкма ­- бул адамдарды массалык түрдө эмдөөдөн өткөрүү болуп саналат.

Дарыгер адистердин айтуусуна таянып, инфекция жугуу коркунучуна кабылгандар үчүн оорунун алдын алуу ыкмаларын колдонуу кажет. Ал эми медициналык эмдөөлөр азыркы мезгилде илдеттин алдын алуунун эң таасирдүү каражаттарынын бири болуп саналат.

Эмдөөнүн пайдасы менен зыяны медицина илимине таандык. Ал эми мындай учурда шарияттын өкүмү медициналык жактан чыккан натыйжага карап берилет. Ошондуктан Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин эмдөөгө жооптуу болгон органдарынан жана тиешелүү тараптардан текшерүүлөрдөн өтүп, жоопкерчиликтүү, тажрыйбалуу дарыгерлер тарабынан COVID-19га каршы эмдөөнүн зыяны жок деген тастыктоосу болсо, эмдөөгө Исламда каршылык жок.

Ошондуктан Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңеши COVID-19 илдетинин алдын алуу максатында ыктыярдуу түрдө эмдөө алууга каршы эмес.

Пандемия илдети бүткүл дүйнөнү каптагандыктан жогорудагы фатваны “Эл аралык Фикх Ислам Академиясы” жана “Даруль-ифта мисрия” сыяктуу дүйнөдөгү таанымал уюмдар жана фатва идараларынын чечимдери тастыктайт".

Пикир

Оставить комментарий