• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү Ош облусунун калкы менен жолугуп, диний абалды талкуулашты

Аймак 0

Бишкек, 30.11.18. /Салтанат Абдраева – Кабар/. Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү Ош облустук казыятынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү Жигитали ажы Исмайилов, Кабылбек ажы Акматов, Кенжетай ажы Курманходжаев Ош облустук казыятында болушуп, казыяттын жалпы ишмердүүлүгү жана казыяттын жаңы имаратында түзүлгөн шарттар менен таанышышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев казыяттын 2018-жыл ичинде аткарган иш-аракеттери боюнча маалыматтарды берип, облус аймагындагы дин жаатындагы жетишкендиктер менен келечек пландарды тааныштырды.

“Ошондой эле эл ичиндеги диний абал, дин кызматкерлеринин ишмердүүлүгүн талкуулап жана карапайым калктын ар кыл суроолоруна жооп беришти”, - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин жалпы курамы 2018-жылдын 30-ноябрынан 7-декабрына чейин өлкөбүздүн ар бир район, шаар жана айылдарына чейин барышып, карапайым калк менен жолугушмакчы.

Пикир

Оставить комментарий