• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Аалымдар кеңешинин жыйынында Кыргызстан мусулмандарынын курултайын өткөрүү чечими кабыл алынды

Коом 0

Бишкек, 12.02.21. /Кабар/. Аалымдар кеңешинин кезектеги жыйыны өтүп, Кыргызстан мусулмандарынын VII курултайын өткөрүү чечими кабыл алынды. Бул тууралуу муфтияттан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, күн мурун, 11-февралда Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинде кезектеги протоколдук жыйын өткөрүлдү. Жыйында муфтий Максатбек ажы Токтомушевдин өз каалоосу менен жумуштан кетүү боюнча жазган арызы каралып, бир добуштан канааттандырылды.

Ошондой эле Кыргызстан мусулмандарынын VII курултайын өткөрүү чечими кабыл алынды. Курултай 2021-жылдын 5-апрелинде өткөрүлмөй болду.

Эске салсак, Кыргызстан мусулмандарынын курултайы жаңы устав боюнча 4 жылда бир чакырылып, Азирети муфтий, Аалымдар кеңеши жана Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасы курултай делегаттары тарабынан ачык добуш менен бекитилет.

Пикир

Оставить комментарий