• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Аба табынын жогорулашы кандай ооруларды күчөтөт?

Ден соолук 0

Бишкек, 28.06.22. /Кабар/. Саламаттык сактоо министрлиги ысык аба ырайында көбүнчө тобокелдик тобуна кирген улгайган адамдар чоң коркунучка кабылышарын билдирет.

Ведомстводон белгилешкендей, алардын арасында кант диабети, артериялык гипертензия, кандагы холестериндин деңгээли жогору жана жүрөк-кан тамыр ооруларына тукум куума ыкташы бар, ашыкча салмак менен ооруган бейтаптар кирет.

Оорунун курчушуна жол бербөө үчүн зарыл нерселер:

- текшерүүдөн өтүп, дарыгер белгилеген дары-дармектерди өз убагында ичүү;

- кан басымын жана кандагы канттын деңгээлин өлчөө;

- эгерде сиз ооруп жатсаңыз, ысык аба ырайында оор физикалык иштерден оолак болуңуз;

-эгер ден соолугуңуз начарласа, физикалык көнүгүүлөрдү токтотуп, медициналык мекемеге кайрылуу керек.

- демейде ичип жүргөн дары-дармектерди ысыкта таштабаңыз, аларды дайыма жаныңызда алып жүрүңүз;

Мындан тышкары, жаратылышта эс алуу, сууда сүзүү учурунда күндөн коргоочу кремдерди колдонуу сунушталат.

Пикир

Оставить комментарий