• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Аба-ырайы: Бүгүн айрым тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөйт

Коом 0

Бишкек, 14.09.17. /Кабар/. Бүгүн, 14-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз айрым тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолордо кар жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдайт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө

түнкүсүн +5...+10

күндүз +22...+27

Талас өрөөнүндө

түнкүсүн +3...+8

күндүз +21...+26

Ош жана Жалал-Абад облустарында

түнкүсүн +10...+15

күндүз +24...+29

Баткен облусунда

түнкүсүн +11...+16

күндүз +24...+29

Ысык-Көл облусунда

түнкүсүн +5...+10

күндүз +19...+24

Нарын облусунда

түнкүсүн +2...+7

Күндүз +19..+24

Бишкек жана Ош шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт. Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн +8...+10 градус, күндүз +23...+25 градус болот. Ош шаарында абанын температурасы түнкүсүн +13...+15, күндүз +25...+27 градус жылуу болот.

Пикир

Оставить комментарий