• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Аба ырайы: Бүгүн күн ачык болот

Коом 0

Бишкек, 18.12.17. /Кабар/. Бүгүн, 18-декабрда өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Кыргызгидрометтин берген маалыматына ылайык, түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 1-6 м/с.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -4...-9, күндүз 0...+5;

Талас облусунда түнкүсүн -4...-9, күндүз +1...+6;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1...-6, күндүз +3...+8;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3...-8, күндүз 0...+5;

Нарын облусунда үнкүсүн -13...-18, күндүз 0...-5;

Бүгүн, Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт, түнкүсүн туман капташы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 1-6 м/с. Түнкүсүн -5...-7, күндүз +1...+3 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий