• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Аба ырайы: Бүгүн көпчүлүк аймактарда кар жаайт

Коом 0

Бишкек, 15.01.18. /Кабар/. Бүгүн, 15-январда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында кар жаап, айрым жерлерде кар калың жаайт,-деп билдирет Кыргызгидромет борбору.

Маалыматка ылайык, жолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 17-22 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…-5;

Талас облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…-5;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1…-6, күндүз 0…5 градус жылуу болот.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүзү 0…-5,

Нарын облусунда түнкүсүн -14…-19, күндүз -5…-10 градус суук болот.

Бүгүн Бишкек шаарында кар жаайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын температурасы -7…-9°, күндүз -1…-3° суук болот.

Пикир

Оставить комментарий