• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Аба ырайы: Бүгүн көпчүлүк аймактарда кар жаайт

Коом 0

Бишкек, 05.01.18. /Кабар/. Бүгүн, 5-январда республиканын көпчүлүк аймактарында кар жаайт,-деп билдирет Кыргызгидромет.

Маалыматка ылайык, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында кар жаашы күтүлөт. Ысык-Көл, Нарын облустарында түнкүсүн айрым жерлерде, күндүз көпчүлүк аймактарда кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшүшү ыктымал. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -4...-9, күндүз -2...+3,

Талас облусунда түнкүсүн -4...-9, күндүз -2...+3,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0...-5, күндүз 1...6,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -5...-10, күндүз -2...+3,

Нарын облусунда түнкүсүн -18...-23, күндүз -7...-12.

​Бүгүн, Бишкекте маал-маалы менен кар жаайт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -6…-8°, күндүзгү жогорку температурасы 0…-2°.

Пикир

Оставить комментарий