• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Аба ырайы: Бүгүн көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаайт

Коом 0

Бишкек, 16.04.18. /Кабар/. Бүгүн, 16-апрелде күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Ош, Жалал-Абад облустарында жана Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында жаан-чачын катуу жаайт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, тоо этектеринде, тоолуу райондордо жана Ысык-Көл ойдуңунда 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 7...12, күндүз 10...15;

Талас облусунда түнкүсүн 7...12, күндүз 10...15;

Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 9...14, күндүз 14...19;

Баткен облусунда түнкүсүн 9...14, күндүз 14...19;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 3...8, күндүз 13...18;

Нарын облусунда түнкүсүн 2...7, күндүз 13...18 градуска чейин жогорулайт.

Бишкекте бүгүн мезгил-мезгили менен нөшөрлүү жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 8...10, күндүз 13...15 градуска чейин жылуу болот.

Пикир

Оставить комментарий