• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Аба ырайы: Бүгүн көпчүлүк аймактарда жаан жаайт

Коом 0

Бишкек, 26.03.18. /Кабар/. Бүгүн, 26-мартта өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жамгыр жаайт,-деп билдирет Кыргызгидромет борбору. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден айрым жерлерде 17-22 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 10...15, күндүз 15...20;

Талас облусунда түнкүсүн 10...15, күндүз 15...20;

Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 11...16, күндүз 18...23;

Баткен облусунда түнкүсүн 11...16, күндүз 18...23;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 1...6, күндүз 14...19;

Нарын облусунда түнкүсүн 0...5, күндүз 12...17 градуска чейин жогорулайт.

Бүгүн Бишкекте жаан жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 12...14, күндүз 18...20 градус жогору болот.

Пикир

Оставить комментарий