• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Аба ырайы: Бүгүн мезгил-мезгили менен жаан жаайт

Коом 0

Бишкек, 12.03.18. /Кабар/. Бүгүн, 12-мартта Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаап, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, Ысык-Көл жана Нарын облустарында кээ бир райондорунда да жаан-чачын болот. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 14 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 3...8, күндүз 5...10,

Талас облусунда түнкүсүн 1...6, күндүз 5...10,

Баткен облусунда түнкүсүн 3...8, күндүз 6...11,

Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 3...8, күндүз 6...11,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2...+3, күндүз 4...9,

Нарын облусунда түнкүсүн -2...-7, күндүз 2...7 градус болот.

Бүгүн Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жамгыр жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын температурасы түнкүсүн 5…7, күндүзү -1…6 жылуу болот.

Пикир

Оставить комментарий