• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Аба ырайы: Эртең айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт

Коом 0

Бишкек, 17.02.18. /Кабар/. Эртең, 18-февралда айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт,-деп билдирет Кыргызгидромет. Маалыматка ылайык, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 2-7 м/с.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -8...-13, күндүз -2...-7;

Талас облусунда түнкүсүн -10...-15, күндүз -2...-3;

Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3...-8, күндүз 1...6;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -8...-13, күндүз 0...5;

Нарын облусунда түнкүсүн -13...-18, күндүз -5...-10;

Эртең борбор калаабыз Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт, бир аз туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Абанын температурасы түнкүсүн -9...-11, күндүзү -3...-5 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий