• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Аба ырайы: Эртең Бишкекте кар жаашы мүмкүн

Коом 0

Бишкек, 10.01.18. /Кабар/. Эртең, 11-январда түнкүсүнжаан-чачын күтүлбөйт,-деп билдирет Кыргызгидромет борбору.

11-январда күндүзжана 12-январда мезгил-мезгили мененкар жаашы күтүлөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болушу күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-20 метрге жетиши күтүлөт. 13-январда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок жана тайгак болушу күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -3...-8, күндүз -4...+1;

Талас облусунда түнкүсүн -4...-9, күндүз -4...+1;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0...-5, күндүз 1...6;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1...-6, күндүз -2...+3;

Нарын облусунда түнкүсүн -17...-22, күндүз -5...-10;

Эртең, ​Бишке шаарында түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз маал-маалы менен кар жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн -4…-6°, күндүзү 0…-2° суук болот.

Пикир

Оставить комментарий