• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Аба ырайы: Эртең күн чайыттай ачык болот

Коом 0

Бишкек, 08.03.18. /Кабар/. Кыргызгидрометтин маалымат боюнча, эртең, 9-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Чүй, Талас, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 2...7, күндүз 12...17,

Талас облусунда түнкүсүн 0...5, күндүз 10...15,

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн 3...8, күндүз 12...17,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3...+2, күндүз +9...+14,

Нарын облусунда түнкүсүн -1...-6, күндүз +2...+7 градуска жылыйт.

Эртең Бишкекте жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын температурасы түнкүсүн 3...5, күндүз 15...17 градус жылуу болот.

Пикир

Оставить комментарий