• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Аба ырайы: Эртең көпчүлүк аймактарда кар жаайт

Коом 0

Бишкек, 14.02.18. /Кабар/. Эртең, 15-февралда көпчүлүк аймактарда кар жаап, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде көп жаайт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышып калышы мүмкүн. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү көп болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 0…-5;

Талас облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз -1…-6;

Баткен облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз -2…+3;

Ош жана Жалал-Абадоблустарында түнкүсүн -1…-6, күндүз -2…+3;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз -3…+2;

Нарын облусунда түнкүсүн -14…-19, күндүз -4…-9;

15-февралда Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен кар жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Абанын температурасы түнкүсүн -2…-4°, күндүзү 0…-2° жылуу болушу күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий