• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Аба ырайы: Эртең кар жаайт

Коом 0

Бишкек, 09.12.17./Кабар/. Эртең, 10-декабрда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирет.

Маалыматка ылайык, тайгак болуп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-20 метрге жетиши күтүлөт. 11-12-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.

Абанын температурасы

Чүй облусунда түнкүсүн -1...-6, күндүз 0...-5,

Талас облусунда түнкүсүн -2...-7, күндүз -1...-6,

Баткен облусунда түнкүсүн -4...+1, күндүз -1...+4,

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0...-5, күндүз -2...+3,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3...-8, күндүз -2...+3,

Нарын облусунда түнкүсүн -12...-17, күндүз -1...-6,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -19...-24, күндүз -8...-13° градус болот.

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен кар жаайт. Жолдор тайгак болот. Түнкүсүн -3....-5, күндүз -1…-3° болот.

Пикир

Оставить комментарий