• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Аба ырайы: Эртең КР аймагында кар жаап, туман түшүшү мүмкүн

Коом 0

Бишкек, 06.12.17. /Кабар/. Эртең, 7-декабрда Кыргызстандын айрым аймактарында бир аз кар жаашы күтүлөт. Кыргызгидрометтин берген маалыматына ылайык, Туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. 7 декабрда күндүз жана 8-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 3-8 метр секунд.

Ошто бир аз кар жаашы мүмкүн, абанын температурасы түнкүсү -6...-8, күндүз +3...+5, Бишкекте түнкүсү -6...-8, күндүз +2...+4.

Чүй облусунда түнкүсүн -5...-10, күндүз 0...+5. Талас облусунда түнкүсүн -10...15, күндүз -2...-7.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облусунда түнкүсүн -3...-8, күндүз -3...+2.

Нарын облусунда түнкүсүн -7...-12, күндүз -3...+2. Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4...-9, күндүз -1...+4.

Пикир

Оставить комментарий