• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Аба ырайы: Эртең өлкө аймагында мезгил-мезгили менен жаан жаайт

Коом 0

Бишкек, 25.08.20. /Кабар/. 26-27-августта Кыргызстандын аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт: көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору маалымдайт.

27-августта күндүз жана 28-августта түнкүсүн абанын температурасы кескин төмөндөп: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 10…15°, күндүз 19…24°, тоо этектеринде түнкүсүн 3…8°, күндүз 15…20°, Талас өрөөнүндө түнкүсүн 7…12°, күндүз 18…23°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 12…17°, күндүз 21…26°, тоо этектеринде түнкүсүн 8…13°, күндүз 16…21°, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 6…11°, күндүз 15…20°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 4…9°, күндүз 15…20°, тоолуу райондордо түнкүсүн 1…6°, күндүз 11…16° жылуу, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2…-7° суук, күндүз 3…8° жылуу болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба-ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба-ырайы

26-27-августтарда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

28-августта түнкүсүн кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

28-августта күндүз, 29-августта жана 30-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

30-августта күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачынкүтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

26-27-августтарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. 28-30-августтарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 26-27-августтарда 14 метрге жетиши күтүлөт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба ырайы

26-августта түнкүсүн кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

26-августта эртең менен, күндүз жана 27-августта көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

28-августта түнкүсүн Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Ош, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

28-августта күндүз жана 29-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

29-августта күндүз Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, Ош, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Жалал-Абад облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

30-августта түнкүсүн Ош облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ош, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, Ош, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө, Жалал-Абад облусунун дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 26-27-августтарда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы

26-августта түнкүсүн кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

26-августта эртең менен, күндүз, 27-августта жана 28-августта түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, 26-27-августтарда кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

28-августта күндүз кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

29-августта жана 30-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

30-августта күндүз кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 26-27-августтарда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба ырайы

26-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 26-августта эртең менен, күндүз, 27-августта жана 28-августта түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

28-августта күндүз жана 29-30-августтарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 26-27-августтарда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы

26-августта түнкүсүн кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

26-августта эртең менен, күндүз жана 27-августта көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

28-августта түнкүсүн кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

28-августта күндүз, 29-августта жана 30-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

30-августта күндүз кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 26-27-августтарда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий