• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Аба ырайы: Эртең мезгил-мезгили менен жаан жаайт

Коом 0

Бишкек, 28.03.18. /Кабар/. Эртең, 29-мартта өлкө аймагында мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт,-деп билдирет Кыргызгидромет борбору. 30-мартта түнкүсүн жаан жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 3...8, күндүз 13...18,

Талас облусунда түнкүсүн 3...8, күндүз 11...16,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 4...9, күндүз 13...18,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3...+2, күндүз 8...13,

Нарын облусунда түнкүсүн 0...-5, күндүз 8...13,

Эртең Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 5…7, күндүз 15…17 градуска чейин жогорулайт.

Пикир

Оставить комментарий