• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Аба ырайы: Эртең тоолуу аймактарда жаан жаайт

Коом 0

Бишкек, 14.11.17./Кабар/. Эртең, 15-ноябрда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир тоолуу райондорунда жаан-чачын болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирет.

Маалыматка ылайык, күндүз көпчүлүк аймактарда жамгыр жаап, Чүй, Талас өрөөндөрүндө жана тоо этектеринде карга айланышы мүмкүн. Тоолорго кар түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9, күндүз Ысык-Көл ойдуңунда 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй жана Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -1…+4, күндүз +4…9;

Баткен облусунда -1...+4, күндүз +7...12,

Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2…+3, күндүз +2…12;

Ысык-Көл жана Нарын Ысык-Көл облустарында түнкүсүн 0…-5, күндүз +3... 8,

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаап, карга айланышы мүмкүн. Абанын табы түнкүсүн -1...-3, күндүз 6...8 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий