• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Аба ырайы: Эртең жамгыр жаап, тоолордо карга айланышы мүмкүн

Коом 0

Бишкек, 10.04.18. /Кабар/. Эртең 11-апрелде түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоолордо кар жаашы күтүлөт,-деп билдирет Кыргызгидромет борбору. Маалыматка ылайык, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 0...-2, күндүз 9...14,

Талас облусунда түнкүсүн 0...-2, күндүз 9...14,

Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 2...7, күндүз 13...18,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2...+3, күндүз 7...12,

Нарын облусунда түнкүсүн -3...+2, күндүз 7...12,

Эртең Бишкек шаарында түнкүсүе мезгил-мезгили менен жамгыр жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2, күндүз 11…13 градус жылуу болот.

Пикир

Оставить комментарий