• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Аба ырайы: Эртең жамгыр жаашы мүмкүн

Коом 0

Бишкек, 06.04.18. /Кабар/. Эртең, 7-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт,-деп билдирет Кыргызгидромет борбору. Маалыматка ылайык, күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Бийик тоолуу райондордо кар жаашы, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын күтүлөт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 7...12, күндүз 10...15,

Талас облусунда түнкүсүн 7...12, күндүз 10...15,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында 7 түнкүсүн 9...14, күндүз 14... 19 ,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 1...6, түнкүсүн 13...18 градус,

Нарын облустарында түнкүсүн 1...6, күндүз 15...20 градус жылуу болот.

Бишкек шаарында күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 9... 11, күндүз 13..15 градус жылуу болот.

Пикир

Оставить комментарий