• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Аба ырайы: Күндүз айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт

Коом 0

Бишкек, 18.01.18 /Кабар/. 2018-жылдын 18-19-январларында жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолунун 121-138 чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Ала-Бука-Каныш-Кыя автоунаа жолунун 68-99 чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная Горка-Ак-Таш автоунаа жолунун 1-4 чакырымдарында, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолунун 45-90, 145-150 чакырымдарында, Казарман-Актал-Чат автоунаа жолунун 67-94 чакырымдарында (Кара-Көө ашуусу), 42-44 чакырымындагы Ийри –Суу участкасыны жана Каракол-Энилчек автоунаа жолунун 70-90 чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Эртең, өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 2-7 метр.

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча күндүз түнкүсүн кээ бир райондордо бир аз кар жаашы күтүлөт.

Чүй жана Талас областтарында түнкүсүн -5...-10, күндүз -1...4 градуска жылыйт.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн 0...-5 градус суук, күндүз 2...7 градус жылуу болот.

Ысык-Көл областында түнкүсүн -4...-9, күндүз 1...6 градус жылуу, ал эми Нарында түнкүсүн -12...-17, күндүз 0...-5 градус суук болот.

Бишкек шаарында жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 2-7 м/с. Абанын температурасы түнкүсүн -6...-8 градус суук, күндүз 1...3 градуска жылыйт.

Пикир

Оставить комментарий