• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Аба ырайы кескин өзгөрөт. ӨКМ шашылыш билдирүү таратты

Коом 0

Бишкек, 02.11.21. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, 2021-жылдын 4-5-ноябрында түнкүсүн аба-ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт.

Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан-чачын жаашы, өрөөндөрдө жаан карга айланышы, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетет.

4-6-ноябрь аралыгында абанын температурасы кескин төмөндөп: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -5…-10°, күндүз -2…-7°, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -6…-11°, күндүз -3…-8°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -1…-6° суук, күндүз 0…5° жылуу, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -6…-11°, күндүз -1…-6°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -10…-15°, күндүз -2…-7°, тоолуу райондордо түнкүсүн -21…-26°, күндүз -10…-15° суук болот.

Белгиленгендей, мындай туруксуз аба-ырайы айыл чарба иштерин, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Пикир

Оставить комментарий