• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Аба ырайы кескин өзгөрөт!

Коом 0

Бишкек, 22.09.17 /Кабар/. 2017-жылдын 23-сентябрында күндүз жана 24-сентябрында узакка созулган кургак жана жылуу аба ырайынан кийин Кыргызстандын аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. Мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолордо кар жаашы, кээ бир райондордо жаа-чачын катуу жаашы мүмкүн. Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге жетиши ыктымал. 24-сентябрда абанын температурасы төмөндөп: Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн 3…8°, күндүз 13…18°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 7…12°, күндүз 16…21°, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 4…9°, күндүз 10…15° жылуу болушу күтүлөт.

КР ӨКМ басма сөз кызматы билдиргендей, мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

25-26-сентябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарынын тоо этектеринде айрым жерлеринде -1…-3° үшүк, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында -3…-5° үшүк жүрүшү күтүлөт. Мындай үшүктүн жүрүшү жыйналбаган жашылча жемиштерге, казылып алынып, жабылбаган картошка жана кант кызылчасы үчүн коркунучтуу.

Шашылыш эскертүүнүн негизинде адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында 2017-жылдын 20-сентябры күнү КРнын ӨКМнин №02-34/671-Т телефонограммасы чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КРнын облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жеткирилди жана уюлдук операторлор аркылуу элге СМС билдирүүлөр жөнөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий